Бишкек шаарындагы абанын сапаты канааттандырарлык, деп билдирет Жаратылыш ресурстарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы.
IQAir жарыялаган маалыматка таянсак, 8-январь, саат 11:00гө карата Бишкектеги абанын булгануусу 66 AQI болду.
«Бул көрсөткүч абанын сапаты канааттандырарлык дегенди билдирет», — деп кошумчалашты министрликтен.