
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-апрелине карата республиканын аймагында жарандарга берилген социалдык төлөмдөр тууралуу маалымат берди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 26 жеңилдетилген категорияга кирген жалпы 36 091 жаран мурдагы социалдык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алышууда. Бул максатта 2025-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен 215,4 млн сом бөлүнгөн.
Мында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптарына өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, 13 согуштун катышуучусу, 1 майып, 7 концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткунуна, “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган 11 адам ар бири ай сайын 17 000 сомдон алышат. Бул сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
Быйыл Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында министрлик тарабынан 468 жаранга жалпы суммасы 7,3 млн сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөк пул каралган.
Бир жолку төлөмдөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
Министрлик бул төлөмдөр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тылдагы эмгекчилерди урматтоо максатында жыл сайын жүргүзүлөрүн белгилейт.