Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев кезекте турган жарандарга жер тилкелерин берүү кандай жүрүп жатканына кызыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү экенин белгиледи.
«Жер тилкелерин берүү — оор маселе, анткени жер ресурстары кайра калыбына келбейт. Ошондуктан, азыр көп кабаттуу үйлөргө өтүү ишке ашырылып жатат. Бул жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке туруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланса болот», — деди ал.
Ошондой эле ал калктын саны көбөйүп, жер тартыштыгы жаралып жатканын белгиледи.
«Жер фонду бар, эгерде бош жер тилкелери пайда болсо, айыл өкмөттөрү жер беришет», — деп кошумчалады Амангелдиев.