«Мирбектин берешендигине ыраазычылык билдирем». Мээрим Төлөпберген үйлүү болду

Ырчы Мирбек Атабековдун мурдагы жубайы Мээрим Төлөпберген социалдык тармактагы баракчасына үйлүү болгон кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

“Эми биздин өзүбүздүн үйүбүз бар. Жашоодогу кырдаалдарга, кыйынчылыктарга, жакшылыктарга, эки адамдын эки башка жол тандап кеткенине карабастан Мирбектин берешендигине ыраазычылык билдирем. Жаңы жыл сонун белек менен башталды. Бүгүн балдарды үйгө алып бардым. Эми алар өз бөлмөлөрүнө түс тандап жатышат. А мен болсо ашканамдын кандай болорун элестетип жатам. Бул эки тарапка тең оңой жол болгон жок. Бирок 10 жыл чогуу жашап, ортобуздагы 3 балабыз үчүн бир чечимге келише алганыбыз үчүн кубанычтамын”,- деди.

9 Январь 2024 жыл 11:22

Тема боюнча