Кылмыш-жаза кодексинин “Улут аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча шектелип кармалган Нурлан Мотуев 1-ноябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду.
1-ноябрда Свердлов райондук сотунда Мотуевдин бөгөт чарасы каралып, 29-декабрга чейин үй камагына алуу чечими чыгарылган. Шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү келтирген. Сот Мотуевдин кармалышын негиздүү жана мыйзамдуу деп тапкан.
31-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кармалганын билдирген.
Маалыматка ылайык, шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери 16-октябрда Инстаграм социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүүдө nurlan_motuev_official аталышындагы баракчада кастыкты козуткан видеону аныкташкан.