Мотуевдин мурдагы аялы кайра жарашканын айтып чыкты

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев жубайы Элнура менен кайра жарашты. Бул тууралуу Мотуевдин жубайы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, экөө бирин-бири кечиришип кайра жарашышкан.

Буга чейин жубайлар официалдуу түрдө ажырашкан. Алардын эки жолго түшүүсү бир катар жаңжал менен коштолгон эле.

31 Октябрь 2024 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча