Муфтий кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди.

Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү мекемеде расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.

26 Январь 2024 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча