Муфтият авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялайт

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн авиакаттамдарды уюштурууга авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады.

Муфтияттан билдиришкендей, сынакка катышуучулардын документтери 2023-жылдын 25-октябрынан 13-ноябрь саат 17:00 гө чейин кабыл алынат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү № 264/3. Байланышуу үчүн: 0778900601, э-почта: [email protected].

Буга чейин ажылыкка баруучуларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрү маалымдалган.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстандын зыяратчыларын Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлеген.

26 Октябрь 2023 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча