Бишкектеги мектептердин биринде окуучунун энеси класска кирип барып, мугалимди окуучулардын көзүнчө кемсинткен чыр-чатак социалдык тармактарга тарап кеткен.
Бул окуяны Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жеке көзөмөлгө алган. Окуучулардын көзүнчө басмырланган шаардагы №57-мектепте иштеген мугалим ишинен бошоп кеткени белгилүү болгон.
Мугалимдин кадыр-баркына доо кетирген аялга карата милиция протокол түзгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция социалдык тармактарда тараган видеодон кийин тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ж. Ж. аттуу жаран О. А. аттуу аялга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Арыз ээсинин айтымына караганда, 9-октябрда О. А. аттуу аял саат бештерге жакын мектепке кирип келип, окуучулардын көзүнчө аны кемсинтип, тилдеген.
О. А. аттуу аялга карата КР Укук бузуулар кодексинин «Педагогика кызматкерине карата сыйлабастык» беренеси менен проткол түзулүп, иш сотко берилди.