Мурдагы вице-мэр Сазыкулов камактан чыкты

Бишкектин мурунку вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде кое берилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.


Эске салсак, УКМК Сазыкуловду апрелдин ортосунда мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаган деп кармаган. Кийин анын бөгөт чарасы тандалып, бир айга, тагыраагы, 11-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

6 Июнь 2024 жыл 10:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча