Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен айыпталуучу сот отурумунда заара ушатып койду

Кечээ, 25-январда Сокулук райондук сотунда зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот отуруму өтүп жаткан учурда айыпталуучу шымына заар узатып койгон.

Аселдин апасынын айтымында, шектүү психикалык жактан жабыркаган эмес деген экспертизанын корутундусуна карабай, мажбурлап дарылоого жөнөтүүнү талап кылган.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн.

26 Январь 2024 жыл 11:35

Тема боюнча