Нөшөрлөгөн жаандан улам Ноокенде сел жүрдү 

Бүгүн кечки саат 17:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айылында сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондрой эле сел суулары Ош — Бишкек унаа жолун жана бир катар турак жайларды каптаган.

Абалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу иштерин президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

17 Июнь 2024 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча