Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында «Улуттук банктан «Керемет банк» ачык акционердик коомунун акциялар топтомун сатып алуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун 84 депутаттын 71и колдоп, үчөө каршы болду. Добуш берүүдөн кийин депутат Надира Нарматова вице-спикерге мыйзам долбоорун колдой турганын, өзү башкалардын кнопкасын басып жатып, добуш берүүгө жетишпей калганын айтты.
Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктан «Керемет Банктын» акцияларынын топтому Министрлер кабинетине өтүшү менен комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.