Нарында ата-энеси жок балага жер тилкеси берилди

Нарында 16 жаштагы томолой жетим балага жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан Балдар жөнүндө кодексинин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 16 жаштагы ата-энесинин камкордугунан ажыраган Ш.Р. аттуу бала мыйзамда каралган талаптарга ылайык, турак жай менен же болбосо турак жай куруу үчүн жер тилкеси менен кезексиз тартипте камсыздалбагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан баланын укуктарын коргоо максатында Нарын шаарынын мэринин наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада аталган томолой жетим балага турак жай куруу үчүн 425 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.

19 Январь 2026 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча