Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылынын С. Раимбеков атындагы мектебинин спорттук залынын курулушу буздурулууда. бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, бирок куруу учурунда кемчиликтер аныкталган.
Тактап айтканда, сапатсыз куруу жана долбоордон чектөө болгону үчүн «MERIBELL Tekstil Insaat» ЖЧКга Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан айып пул салынып, өз убагында курулуш токтотулуп, сапатсыз салынган курамалар буздурулду.