Нарын облусунун аймагындагы Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркына орнотулган фотокапкан жай айларында илбирс баштаган бир нече жапайы жаныбарларды тартып калган.
Бул сүрөттөрдөн Нарынды байырлаган илбирстерди, суурду, түлкүнү, тоо эчкилерди, уларды, тоо куштарын көрүүгө болот. Саксына караган илбирстер, энесин эмип жаткан улак, улар жана башка жандыктар көргөндөрдү кайдыгер калтырбайт.