Нарынга кирип бараткан жолдо үрөй учурган кырсык болду

Нарын шаарына кирип бараткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Трассада фура менен Mercedes-Benz Sprinter кагышып, бус чачырап кеткен.

«Алдын ала маалыматтарда бир адам көз жумган, жабыркагандар бар», — дешти алар.

Жол милициясы калган жагдайларды тактап жатат.

19 Август 2024 жыл 17:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча