Назира Айтбекова: «Дүйнөгө «Зордукчул» көрүнгүңөр келбесе, ошол зордукчуларды тыя турган бир нерсе ойлоп тапкыла да…»

Блоггер Назира Айтбекова кыз-келиндердин жана жаш балдарга карата зордук-зомбулук тууралуу пикирин өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Дүйнөгө «Зордукчул» көрүнгүңөр келбесе, ошол зордукчулардын көтүн тыя турган бир нерсе ойлоп тапкыла да! Ар бир үйдө кыз бала зордукталып, атасынан, чоң атасынан, таятасынан, бир тууганынан кордук көрүп жатышат! Аны жазып чыксам, «Айтбекова
НПОдон акча алып, оюнуна урдуруп жазып жатат!»,-дедиңер да, кол куушуруп койдуңар! Жаман арыңарга намыскөй болуп кеткениңерди кантейин? Сыртка чыга
элек канча көз жаш бар? Канча кыз-келин ыйлап жатат? Бул эмне болгон кайдыгерлик? Ар бирибиздин
башыбызда бала бар. Тагдырына ушунча
кайдыгерсиңерби? Тууп атканда баланын
жоопкерчилигин ойлоп анан туугулачы, байболгурлар! Бага албасаңар, тыйгыла да көтүңөрдү! Кыздарыңарды каратэге, бокска, күрөшкө бергиле! Жок дегенде өзүнө өзү тура алгандай болсун! Канча
кыз денесин катып, жамынып жатышат!
Зордукчулдарга эмнеге оңой жаза берип атасыңар? Эмнеге билим деңгээли көтөрүлбөйт? «»W» тамгасын
киргизиш керек», «Тиктокту жабыш керек» дегенден бөлөк сунушуңар жокпу? Кыздарыбызды кантип коргойбуз? Дагы канча кыз зордукталып, бычакталып,
кескиленип өлүш керек?»,-деп суроо салды Айтбекова.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу маалыматтын социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылышын көзөмөлдөө керектигин Ички иштер министрлигинен суранды.

«Биз алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Мындай маалымат кайда, кандай максатта таратылып жатканын текшерүү керек. Муну Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Мен мындай жаңылыктарды токтоткула дегенден алысмын, бирок булактардын максатын текшеришибиз керек. Кээде атайын жасап жаткандай сезилет. Жаманды жашырып, жакшысын кошуш керек дейт кыргыздар. Ооба, тарыхта кыргыздын аялдары менен эркектери бирдей укукта болгон. Мурдун, кулагын кесип алуу эркектик эмес. Бирок мындай маалыматты тараткандарды дагы эле текшеришибиз керек», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов атайын жайылткандарга чара көрулөрүн айткан.

28 Сентябрь 2023 жыл 13:13

Тема боюнча