Кыргызстанда 3-9-июнь аралыгында «Нелегал-Трафик» ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпысынан 1 352 укук бузуу аныкталды, анын ичинен:
Ошондой эле мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 факты, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 7 кылмыш аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 ок атуучу куралдар алынды. Жалпы суммасы 6 млн 771 миң сом айып салынды.
Мындан тышкары, операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекеменин иши токтотулду. Анда жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө дин сабагы уруксаты жок окутулган. Аталган мекеме толугу менен жабылып, таалим алгандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Талкуу чет мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган укук бузууларды, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибинин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.