Ноокат автобекети муниципалдык менчикке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ноокат шаарында 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси «Ноокат автобекети» мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызмат 13-сентябрда тараткан кабарга ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 гектар «Ноокат автобекети» мыйзамсыз менчиктештирилгени тергөөдө аныкталган.

Андан бери автобекет катары колдонууга шарт түзүлбөй, коммерациялык максатта колдонулганы айтылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, «Ноокат автобекетинин» азыркы ээлери — беш киши мыйзам бузууну моюнга алган жана имаратты шаардык мэриянын баласына өткөрүп беришкен.

Буга чейин УКМК Балыкчыдагы, Токмоктогу, Өзгөндөгү автобекеттер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган.

13 Сентябрь 2024 жыл 15:37

Тема боюнча