Ноокатта 100 орундуу бала бакча ачылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Арбын айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамкурулуштун курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Бүгүнкү күндө бала бакчасынын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди:

  • бала бакча 100 орундуу;
  • 2 кабаттан турат.
    Пайдалануучу аянты 998 м2.
22 Декабрь 2023 жыл 13:42

Тема боюнча