8-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Ноокат районунун Чили-Сай участогунан табылды. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындады.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, 15 жаштагы уулу 8-декабрда кечке жуук үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жатканын 9-декабрда милицияга анын атасы кабарлаган.
Милициянын маалыматына караганда, психикалык жактан жабыркаган өспүрүмдүн сөөгү аңдан табылган.