Ноокатта милициянын 6 кызматкери пара алууга шек саналып кармалды

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видеого байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлап, алар соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынганын билдирди. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.

25 Ноябрь 2024 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча