Ноокаттагы мектепти оңдоо иштеринде мамлекетке 1 млн 145,6 миң сом зыян келтирилген

Ош облусунун Ноокат районундагы К. Акматов атындагы «Борбаш» орто мектебинин жылытуу системасын оңдоодо мамлекетке зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы аныктагандай, мектептин жылытуу системасын алмаштыруу, оңдоп-түзөө жана кошумча бөлмө куруу иштери боюнча жумуштар аткарылбаганына карабай, кабыл алуу документтери жасалмаланган. Жыйынтыгында негизсиз түрдө акча төлөнүп берилип, мамлекетке 1 млн 145,6 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү облустук милицияга тапшырылган.

5 Февраль 2025 жыл 8:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча