Ноокенде эки социалдык объект пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Бөбүй айылында жаңы салынган ФАПтын имараты жана Кагазды айылында №38 Аким Тургунбаев атындагы орто мектебине кичифутбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Социалдык объектилерди пайдаланууга берүү иш-чарасына райондун акими Таалайбек Ишенбеков, биринчи орун басары Жайнак Немат уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Белгиленгендей, аталган социалдык объектилердин курулушу Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

14 Май 2024 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча