Нуркыз Токтогонова ТикТоктун жабылышы боюнча: «Өлкөдө мындан башка көйгөй турса, эмне үчүн муну тандашканыны таң калып жатам…»

ТикТокчу Нуркыз Токтогонованын айтымында, өлкөдө мындан башка көйгөй турса, эмне үчүн муну тандашканыны таң калып жатканын айтты. Мындай пикирин ал, serep.kg басылмасына билдирген.

«ТикТок мен колдонгон эң сонун платформа. Анда көптөгөн кызыктуу маалыматтар бар. Аары бал көрсө, чымын бокту көрөт деген сөз бар. Эгер адамдар кандайдыр бир жаман нерсени көрүп жатышса, ТикТок ошол адамга ошондой видеолорду чыгарат. ТикТоктун алгоритми ушундай адамдардын тандоосуна жараша видеолорду сунуштап турат. ТикТокту жабууну каалаган адамдар өздөрү жаман контент көрүшөт, анан өздөрү ТикТоктун жабылышын колдошот. Эмне үчун министрлик ушундай чечим чыгарды билбейм. Билимдүү, чоң эле адамдар. Өлкөдө аябай көп маселелер бар, бирок алар эмне үчүн жабууну колго алышты билбейм. Алардын башка иши жоктой. Эгер балдар жаман нерсе көрүп, ошого азгырылып жатса, ТикТоктун эмне тиешеси бар? Балдарды ата-энелер көзөмөлгө алыш керек. Алар өздөрү ар кайсы нерсени көрүшөт, анан күнөөнү башкадан издейт. Мисалы, мен спорт, кызыктуу маалыматтар, жаныбарлар, география, сулуулук тууралуу видеолорду көрөм. ТикТокту жабуу чечими кабыл алынса, бул эч нерсени өзгөртө албайт», — деди ал.

4 Сентябрь 2023 жыл 10:52

Тема боюнча