Олимпиада-2024: Акжол Махмудов чейрек финалда утулуп калды

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов чейрек финалда утулуп калды.

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда.

Махмудов 1/8 финалда АКШдан келген Камал Бейди жеңип, чейрек финалда Казакстандын өкүлү Демеу Жадраев менен беттешти.

Кыргызстандык 1:3 эсебинде утулуп, жарым финалга чыга алган жок.

Жадраев финалга чыкса, Махмудов коло үчүн күч сынашат.

6 Август 2024 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча