Олимпиада-2024: Мунарбектин кезектеги атаандашы тууралуу эмне белгилүү

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыгуу үчүн болгарлык боксчу Хавьер Ибаньес Диас менен күч сынашат.

Харьер 28 жашта. Болгариянын улуттук курама командасынын мүчөсү, Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын эки жолку чемпиону, Панамерикалык чемпионатта күмүш медалдын ээси, көп жолку чемпион жана Болгариянын улуттук чемпионатынын жеңүүчүсү.

Мунарбек дагы 28 жашта. Ал Дүйнө чемпионаты-2024түн коло медаль ээси. Испанияда өткөн эл аралык Boxam турниринин жеңүүчүсү, жаштар арасындагы Азия чемпионатынын коло медаль ээси.

Экөө финал үчүн 8-августта таймашка чыгат.

4 Август 2024 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча