Олимпиада-2024: Үзүр Жузупбеков беттешин утуш менен баштады

Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти.

Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.

6 Август 2024 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча