Ондогон үлүшчүлөр алданып калганын айтып, президентке кайрылды

Бишкекте жарандардын дагы бир тобу курулуш компаниясы алдап кеткенин айтып чыкты. 1-февралда өткөн маалымат жыйында 250дөн ашык үй-бүлө «М Строй Групп» компаниясына алданып үйсүз калганын айтышты. Маалымат жыйындын катышуучусу Канат Эгембердиев «Көк-Жар плюс» турак жай комплексин кура турган курулуш компаниясы 2018-жылдан бери убада кылынган беш үйдүн ордуна эки гана үйдү бүтүргөнүн билдирди.

«Натыйжада 253 үй-бүлө үйсүз, акчасыз калды. 1,5 жылдан бери соттошуп, бардык органдарга кайрылдык, бирок дагы эле маселе чечиле элек. Ишкананын башкы директору Бегинбаев соттолгон, бирок батирлерибизди алган жокпуз. «Көк-Жар плюс» эконом класстагы турак жай болуп эсептелет. Үлүшчүлөрдүн баары карапайым адамдар, алардын көбү миграцияда жүрүп акчасын көп жылдардан бери чогултуп келишкен. Ошондуктан Конституциянын гаранты катары президент Садыр Жапаровго кайрылып, укугубузду коргоону суранабыз», — деди Эгембердиев.

Ал кошумчалагандай, учурда үлүшчүлөр үйлөрдү өздөрү бүтүрүүгө макул болуп, бирок айрым жарандар кошумча каражат төлөй албай жатышат. Эгембердиев мамлекеттик ипотека программасынын алкагында курулушка үлүштүк катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу президенттин жарлыгын эске алып, бул көйгөйгө көңүл бурууну өтүндү.

Президент Садыр Жапаров шаршемби күнү жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылууга багытталган жаңы жарлыкка кол койгонун билдирген.

Ага ылайык, мамлекет куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, калктын бардык катмары батир ала алат. Бирок батир алууну каалаган жаран анын жарым баасын алдын ала төлөп, калган акчасынан 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта кутулат.

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Азия Сүйүмбаева «Креатив» компаниясы менен келишим түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул компания дагы «М Строй Групп» менен биргеликте долбоорго катышкан. Сүйүмбаева «Креатив» менен келишим түзгөн үлүшчүлөр дагы алданып калышканын кошумчалады.

Үлүшчүлөр буга чейин дагы, 2022-жылы президентке кайрылышкан. Ошондо «М Строй Групп» компаниясынын башкы директоруна карата чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз жазышкан. Адвокат үлүшчүлөргө убада кылынган үйлөр курула электигин айтып, «маселени көбүртүп-жабыртып» жатышканын «Азаттыкка» билдирген.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, эми мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан соң мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул жайлардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

1 Февраль 2024 жыл 16:54

Тема боюнча