Орловка – Чым-Коргон жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү

Кемин районундагы Орловка – Чым-Коргон жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жол «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси тарабынан каржыланып, колдонууга берилди.

Жол куруу иштери №34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген убакытта бардык техникалык талаптарды жана нормативдик стандарттарды сактоо менен бүткɵрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган жол участогу 2024-жылдагы Элдик курултайда кɵтɵрүлүп, коюлган маселе министрлик тарабынан толук аткарылды.

1 Декабрь 2025 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча