Орозайым Нарматова УКМКда сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 16-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча үч саат күбө катары сурак берип чыкканын билдирди.

Атайын кызмат сурак тууралуу жана “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттарына байланыштуу эмне иш иликтенип жатканы боюнча маалымат бере элек.

Орозайым Нарматова 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2022-жылы 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Ал 2022-жылы октябрь айында Москвадан Кыргызстанга кармалып келип, Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган. 2023-жылы январь айында үй камагына чыгарылган. Ал ушул тапта Кемпир-Абад ишине байланыштуу айып коюлган саясатчы, активисттердин арасында жок.

16 Май 2024 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча