Быйыл Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
9-апрель Орозонун акыркы күнү жана 10-апрель Орозо айт майрамы болот.
Бул жылы Орозо 11-мартта башталган. Рамазан айында мусулмандар 30 күн (айдын жаңырышына байланыштуу кээде 29 күн болот) орозо кармайт. Орозо айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Айт намазы адатта өлкөдөгү бардык мечиттерде, аянттарда окулат.