Орозо айтта 9 миңден ашык милиционер коомдук тартипти камсыздайт

Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Орозо айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

2025-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерде Орозо айт майрамына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.

Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.
Ошондой эле, кызматкерлерге жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

28 Март 2025 жыл 19:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча