Орунтаев Чүйдөгү соцобъекттердин курулушун текшерди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусундагы социалдык объекттердин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Комиссиялык кыдырууга ошондой эле Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов жана Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү да катышты.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү объекттер текшерилип, тиешелүү тапшырмалар берилди:

  • Новопавловка мектеби;
  • Чыңгыз Айтматов мектеби;
  • Сокулук районунда жайгашкан стадион;
  • Жакшылыков мектеби;
  • Манас айылынан Манас мектеби жана Жаңы-Жер айылында жайгашкан мектеп.
1 Апрель 2024 жыл 9:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча