Орунтаев: Экспертизадан өткөн курулуштун бардыгы 9 баллга чейин туруштук берет

Бишкекте 47-колониянын ордуна курулуп жаткан үйлөрдүн жер титирөөгө бекемдиги текшерилди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев ЖМК өкүлдөрүн аталган объектиге алып барган.

Анда адистер атайын аппараттын жардамы менен бетондун бекемдигин, жер титирөөгө чыдамдуулугун сынаган.

«Бүгүнкү күндө бизден сертификация, экспертизадан өткөн курулуштун бардыгы 9 баллга чейин туруштук берет. Ал эми мыйзамсыз курулган имараттарга биз жооп бере албайбыз. Алардын документи жок, сыноодон өткөн эмес. Алар биздин сайтта ачык жарыяланып турат. Бишкекте мыйзамсыз курулган 40, ал эми Ошто 30дай объект бар», — деген Орунтаев.

24 Январь 2024 жыл 17:51

Тема боюнча