Кыргызстанда уруксатсыз салынган курулуштар аныкталып, текшерүү жүрүүдө.уруксатсыз салынган курулуштар аныкталып, текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 18-декабрда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 224 обьект уруксатсыз курулган. Алардын ичинен: 77си турак жай объектиси (Бишкек шаарында — 38; Ош шаарында — 17; Ош облусу боюнча — 6; Жалал-Абад облусу боюнча — 7; Чүй облусу боюнча — 8, Нарын облусу боюнча — 1), 147и ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштар.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн.
«Ар бир мыйзамсыз курулган курулуш боюнча териштирүү жүрөт. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкердин ага тиешеси болсо, бул тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берилет».
Нурдан Орунтаев акыркы 2-3 жылда курулуштардын мыйзамдуулугуна көзөмөл күчөгөнүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, учурда тиешелүү сапат кепилдиги жок (сертификат) курулуш материалдарын да курулушка пайдаланууга уруксат берилбейт.
Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык өткөн жумада сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган.