Орус рублинин сомго карата курсу түшүп кетти

Акыркы суткада Кыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кетти. 13-июнда коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында 60 тыйындан сатып алынып, 98 тыйындан сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 97 тыйын деп коюлган.

Акыркы апталарда доллардын да кыргыз сомуна карата курсу түшүп кетти. Ушул күндөрү бир доллар 87 сомдон сатып алынып, 88 сомдон сатылууда. Улуттук банктын сайтында 86 сом 94 тыйын деп бааланууда.

13 Июнь 2024 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча