Орусияда көзөмөл реестрине 700 миңдей мигрант киргизилди

Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мамлекеттик телеканалдардын бирине берген маегинде 685 миңге жакын чет элдик жаран «көзөмөлгө алынгандардын» реестрине киргизилгенин билдирди.

«Бул реестрдин негизги максаты – өлкөбүздө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин санын чектөө. Башкача айтканда, биздин өлкөдө мыйзамдуу жүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо», – деп түшүндүрдү министр.

Анын айтымында, реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган керектүү документтерди тапшырышы керек.

5-мартта Колокольцев ИИМдин кеңейтилген жыйынында реестрге 400 миң адам киргизилгенин айткан болчу. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет.

10 Март 2025 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча