Орусиядагы президенттик шайлоодо ким алдыда келе жатат?

Орусияда 15-17-март күндөрү өлкөнүн президенттигин шайлоо болуп өттү. Орус ЖМКлары жазгандай, ага катышуу тарыхтагы  эң жогорку көрсөткүч болгон. 

Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо протоколдордун 90 пайызын кароонун жыйынтыгы боюнча 87,21 пайыз добуш алып, жеңишке жетти.

Мындай маалыматты Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Экинчи орунда Коммунисттик партиясынан талапкер Николай Харитонов 4,28%, үчүнчү орунда 3,94 пайыз добуш менен Владислав Даванков («Жаңы адамдар»), төртүнчү орунда 3,16 пайыз добуш менен Леонид Слуцкий турат.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча президенттик шайлоого шайлоочулардын 74,22 пайызы катышты.

18 Март 2024 жыл 9:16

Тема боюнча