Ош мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова үч эм төрөгөн Мавлюда Бердигуловадан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Айдарбекова калаа башчысы Жанарбек Акаевдин атынан куттуктоо айтып, үй-бүлөгө 50 миң сом жана наристелерге керектүү белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, наристелер 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт стационарында жарык дүйнөгө келген. Учурда эненин жана үч эмдин абалы жакшы. Мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү камкордукка алынган.

6 Март 2026 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча