Ош шаарында 13 жаңы эс алуучу жайдын курулушу жүрүп жатат

Учурда Ош шаарында 13 жаңы сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев «Аэропорт» авипаркын пайдаланууга берүү иш-чарасында айтты.

Анын айтымында, шаарды жашылдандыруу боюнча долбоорлор да активдүү ишке ашырылып жатат, анын ичинде бак-дарактарды отургузуу жана жашыл зоналарды кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 25-апрелде Ош эл аралык аэропортунда “Аэропорт” авиапаркынын расмий ачылышы болгон. Парк бир гектар аянтты ээлейт, анда сейилдөөчү аянтчалар, фонтан, эки учак, авиация музейи жана Сулайман-Тоонун 3D модели бар. Жарыктандыруу жана дизайнердик отургучтар да камтылган.

27 Апрель 2026 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча