Ош шаарында унаа тыгынын азайтуу аракети кандай жүрүүдө?

Ош шаарында унаа тыгынын азайтуу аракети көрүлүүдө.

Муниципалиеттен билдиришкендей, ушул максатта Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартылат.

Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди.

Айта кетсек, аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүүдө.

4 Апрель 2025 жыл 14:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча