Ошто факультет деканы пара алууга шек саналып кармалды

Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы опузалап пара талап кылууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-июлда кармалган декан У.И.С. сынакта студенттерден акча талап кылган.

Мунун алдында декандын орун басары Д.у.Д. да Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча айыпталып кармалып, эки айга камакка алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн коррупциялык схемага тиешеси бар экени аныкталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Декандын жана анын орун басарынын кармалышы тууралуу алардын адвокаттары жана университет жетекчилиги комментарий бере элек.

31 Июль 2024 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча