Ошто келиндин ымыркайы ажатканага түшүп кетти

Ошто куткаруучулар ажатканадан 7 айлык ымыркайдын сөөгүн чыгарышкан.

ӨКМдин маалыматына караганда, 21 жаштагыАмир-Тимур кичирайонунун жашоочусу ажатканага барган учурда мөөнөтүнөн мурда 7 айлык баласы төрөлүп, ажаткананын ичине түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, наристенин сөөгүн алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

9 Август 2023 жыл 10:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча