Ошто курулушта иштеген өспүрүм 13 кабаттан кулап каза болду

Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм өзү иштеп жаткан курулуштун 13-кабатынан кулап каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Кырсык 5-октябрда болгон. Маалыматка караганда, Ош мамлекеттик университетинин коллежинде окуган студент курулушта келишим менен иштеп жаткан. Ал калдыктарды тазалап иштеген.

Милициянын айтымында, учурда тергөө иштери уланууда. Жашы жете элек баланын ал жумушка кантип барып калганы текшерилип жатат.

Маалымат каражаттары ARTWIN курулуш компаниясында каза болгон бала менен чогуу ушул курактагы үч бала иштеп жатканын жазышты. Алар өздөрүн 18 жашта деп тааныштырган.

8 Октябрь 2024 жыл 15:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча