Ошто кызды зордуктоого аракет кылган 20 жаштагы жаран кармалды

Ошто караоке клубда администратор кызды зордуктоого аракет кылды деп 20 жаштагы бала кармалды

Окуя 27-январда таңга маал саат 05.55тер чамасында болгон. Ал эч ким жоктугунан пайдаланып кызга бычак кезеп коркутуп, зордуктоого аракет кылган.

Милицинын маалыматы боюнча шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан. Ал акчага курсагын тойгузуп, ичимдик ичип анан караоке клубга барган.

Ош шаардык соту аны 2 айга тергөө абагына киргизди.

30 Январь 2024 жыл 14:36

Тема боюнча