Ошто мэриянын кызматкерлери үйдү бузуп жатканда 13 жаштагы кыз жаракат алды

Ош шаарында Навои көчөсүндө жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 13 жаштагы кыз жаракат алды. Бул маалыматты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы ырастады.

Маалыматка ылайык, окуя 12-апрелде болгон. Үйдүн ичинде отурган кызга кум кыш (пескоблок) тийип, ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Бул факты милицияда каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кыздын таенеси Kloop медиа порталына Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери үйдү бузуп жатканда небереси жалгыз болгонун айтып, “бирок ага карабастан бузушуптур. Ошол учурда канализациянын жанындагы суу атылыптыр. Ал сууну жабам деп жатканда, башына, колуна да кум кыш түшүп кетип, эс-учун жоготуп коюптур”, — деген.

Ош мэриясы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

16 Апрель 2025 жыл 11:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча