Ошто мончонун суу казаны жарылып, 7 адам жаракат алды

5-июнда Ош шаарынын Кокумбий көчөсүнүдө жайгашкан жеке менчик “Байкөл” мончосунун суу казаны жарылып (котел) өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, андан жети адам жабыркап “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилгени кабарлады. Мончодон чыккан өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.

Кырсыктын себеби жана жаракат алгандардын абалы айтыла элек.

5 Июнь 2024 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча