Оштун мэри олимпиада жеңүүчүлөрүнө 1 млн 250 миң сом сыйлык тапшырды

Оштун мэри олимпиада жеңүүчүлөрүнө 1 млн 250 миң сом сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Республикалык мектеп олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты.

Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Калаа башчысы өз сөзүндө билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, аларды даңазалоо жана коомго үлгү көрсөтүү максатында олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү шаардагы LED экрандарга жайгаштырылганын билдирди.

Сыйлоо аземинде Ош шаарынын мэринин фондунан олимпиада жеңүүчүлөрүнө жалпы 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Быйыл Ош шаарынан олимпиадага 36 окуучу катышып, анын ичинен 8и жеңүүчү аталды. Командалык эсепте Ош шаары Бишкек шаарынан кийинки 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын IV этабы 27–28-мартта Бишкек шаарында өтүп, 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты. Жыйынтыгында 19 окуучу 1-орунду, 18 окуучу 2-орунду, 17 окуучу 3-орунду ээледи.

31 Март 2026 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча